www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июлда өлкөдө куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленип, Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнө 35 жыл толду.
Бул датага карата ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында майрамдык иш-чара өттү.
Иш-чарага башкармалыктын өздүк курамы катышып, жетекчилик куткаруучуларды кесиптик майрамы жана маараке менен куттуктады. Башкармалыктын башчысы, подполковник А. Гыязов куттуктоо сөз сүйлөп, кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен аткарып келген кызматкерлерге министрликтин атайын сыйлыктарын тапшырды.
Мындан тышкары, өз милдетин так аткарып, калктын коопсуздугун камсыз кылууда жигердүү иш алып барган бир катар аскер кызматкерлерине кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды.
Белгиленгендей, берилген сыйлыктар куткаруучулардын коом алдындагы ак ниет эмгегинин жана Мекен алдындагы жоопкерчилигинин жогорку баасы болуп саналат.
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы бардык куткаруучуларды 35 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, ийгиликтерди жана ар дайым коопсуз кызмат каалады.