www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды.
Жабылуу 2026-жылдын 25-апрелинде саат 18:00дөн 2026-жылдын 26-апрелинде саат 9:00гө чейин пландаштырылууда.
Бул жерде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн алмаштыруу үчүн курулуш жана орнотуу иштери жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.