www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын Ысык-Көл облусундагы иш сапары Ак-Суу районунда уланды.

Алгач Төрага Курбу айылында жайгашкан “Ырыс-Келди” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылыш аземине катышты. Алсак, 100 балага ылайыкташкан 2 кабаттуу имараттын курулушу эки жыл мурун башталып, ага республикалык бюджеттен 82,5 млн сомго жакын каражат жумшалган.

Салтанатта жергиликтүү тургундарды жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктаган Марлен Маматалиев наристелерге кең келечек каалап, жардам катары Төраганын резервдик фондунан 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Андан соң Төрага Жаңы-Арык айылында жайгашкан таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышып, анда жүргүзүлүп жаткан курулуш жумуштарын көрүп чыкты. Белгилей кетсек, заводду куруу үчүн 20 гектар жер бөлүнүп, Балыкчы шаарында да ушундай эле ишкана курулууда. Эки завод ишке берилсе күнүнө 600 тонна таштандыны кайра иштетип, энергия чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төрага ишке ашырылып жаткан долбоорго жогору баасын берип, мындай заводдор жалпы өлкө аймагында салынышы керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, депутаттар райондук оорукананын ишинен да кабар алып, медициналык жайдагы жагдайды жеринде көрүштү.

Жыйынтыгында айрым бөлүмдөрүнүн имараты эскирип, заман талабына жооп бербей калгандыгына жана тейленген жарандардын саны көптүгүнө байланыштуу 120 орундуу жаңы оорукана куруу зарыл экендиги айтылып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен катар материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында жаңы рентген аппараты да орнотулуп берилери кошумчаланды.

Төраганын Ак-Суу районундагы иш сапары жергиликтүү элдин катышуусундагы жолугушуу менен жыйынтыкталды.

А.Атабаев атындагы райондук маданият үйүндө уюштурулган жолугушууда тургундар тарабынан жол, суу, мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлүп, мугалимдердин жана дарыгерлердин жетишсиздиги курч экени белгиленди. Ошону менен катар билим берүү программаларын жакшыртуу менен спорт тармагына өзгөчө көңүл буруу сунуштары берилди.

Андан сырткары, жайыт жерлери жетишпей, жер тилкелерине муктаж жарандар арбын экени да көтөрүлүп, айрым тургундар социалдык колдоону күчөтүү талаптарын коюшту.

Берилген ар бир суроого депутаттар жана коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жооп берип, Төрага айтылган ар бир маселе көңүл сыртында калбай тургандыгын билдирди.

“Аймактар өнүксө өлкө өнүгөт. Андыктан, элет жериндеги калк турмушун жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Айрыкча өлкө жетекчиси айылдардагы социалдык-инфраструктуралык маселелерди ыкчам чечүүгө өзгөчө көңүл бурууда”, – деди Марлен Маматалиев.

Эскерте кетсек, Төраганы “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Улукбек Узакбаев, Табылды Муратбеков жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрөт.

 

Последние новости