www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көл жээгинде скутерлерге тыюу салуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ысык-Көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизип жаткан скутерлерге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорун демилгелөөгө жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгон.

«Андан тышкары скутерлер көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизип жатат. Атап айтсак күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып жатканы жалган эмес. Андыктан, Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин эс алуу же спорттук багытта пайдаланса, айып пул салуу сунушталууда»,-деп жазылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости