www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылуулук менен ысык суунун тарифи көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тарифти көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды.

Министрлик мындан ары калк үчүн жылуулук энергиясын колдонуу ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен эсептелерин билдирет.

Тактап айтканда, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөм жүргүзөт. Эгерде батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Жылуулук энергиясынын өздүк наркы жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

Буга чейин калк ысык суу менен камсыздоодо 1 Гкал үчүн 1 120 сом төлөп келсе, өзгөртүүлөрдөн кийин 1 Гкал үчүн 1 560 сом төлөм жүргүзөт. 

2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо боюнча Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын негизги максаты — энергетика секторунун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетика секторуна өзүн-өзү актоо, тариф түзүүгө карата адилеттүү мамиле кылуу, мамлекеттик бюджеттен субсидиялардын өлчөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу болуп саналат.

Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон тарифтер төмөндө көрсөтүлөт:

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости