www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көл жээкке конгон тик учакта кимдер болгон?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине конгон тик учак боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомстводон белгилешкендей, күн мурун 25-июлда Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор Airbus-145 тик учагын ижарага алып учушкан.

17-июлда түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн.

Ал эми, айрым ЖМКлардын маалыматына караганда тик учак Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык "Париж" пансионатына конгон.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев "Париж" пансионаты уулуна таандык экенин, тик учак пляжга эмес, атайын жабдылган атайын аянтчага конгонун, тик учакта уулу да, өзү да болбогондугун, анда Сауд Арабиясынан, Эмираттардан келген коноктор болгонун жергиликтүү басылмаларга айтты.

Эскерте кетсек, күн мурун социалдык тармактарда пансионаттардын бирине конгон тик учак тартылган видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

 

Последние новости