www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине унаа кыймылына чектөө киргизүү тууралуу чаралар боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, мэрия борбор калаада транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Эми документ 20-августка чейин коомдук талкууда турат. Андан соң коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынып, тиешелүү министрлик жана ведомстволордо, министрлер кабинетинде каралат.

“Мунун баары мыйзам чегинде каралып чыгат. Бул маселе жабык эшик артында каралып эле кандайдыр бир чечимдер кабыл алынбайт. Мында бардык сунуш-пикирлер эске алынат”, - деди ал.

Айбек Жунушалиев республикалык маанидеги шаарлардагы жол тыгыны көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик номурлардын акыркы сандарына жараша чектөөлөрдү киргизүүнү камтыган радикалдуу чараларды көрүү зарыл деп эсептейт.

Бул чектөөлөр ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 7:00дөн 21:00гө чейин иш күндөрү колдонулат деп болжолдонууда. Бул иш-чаралардын кабыл алынышы менен шаардын жолдорундагы тыгындар кыйла азаят.

Башкача айтканда, республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда жумасына бир жолу гана унаалардын кыймылы чектелет. Бирок бул чектөө атайын жана коомдук унааларга жайылтылбайт.

Автоунаалардын номерлери боюнча чектөө практикасы 20дан ашык өлкөлөрдө колдонулат, анын ичинде Нью-Дели (Индия), Афина, Тегеран, Улан-Батор, Мадрид, Лондон жана башка шаарлар бар.

Ошондой эле Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алууну да пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга турат. Ага ылайык, унаанын түрүнө, салмагына жана мамлекеттик номерине жараша белгилүү баалар коюлат. Бишкек шаарынын мэри бул чаралардын аркасы менен шаар ичине кирген унаалардын санын кыскартып, жарандардын коомдук транспортто жүрүүсүн шарттайт деп белгиледи.

Эгер долбоор жактырылса, айдоочулар унаалардын башка шаарда катталганына жана чет өлкөлүк номерлүү тарнспорт каражаттарына жараша төлөм төлөйт.

Сегиз орундан ашпаган транспорт каражаттары: башка шаарлаарда катталган болсо 50 сом, чет өлкөлүк унаага 200 сом;

8ден ашык оруну бар, 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 100 жана 1000 сом;

3,5 тоннадан ашпаган тракторлор, жүк ташуучу унаалар 100 жана 1000 сом;

8ден ашык оруну бар 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 150 жана 1500 сом;

12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 150 жана 1500 сом;

12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 250 жана 3000 сом;

чиркегичтер, тракторлор, комбайндар 300 жана 5000 сом.

Документте айтылгандай, жыйымды алуу үчүн атайын төлөө пункту же автоматташтырылган жыйымды төлөө системасы уюштурулат. Акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай/электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат. Жыйымды төлөөчү 100 миң сом төлөгөн учурда автотранспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30%дык жеңилдик берилет.

Жыйымды төлөөдөн өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга жүк жеткирген унаалар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, патрулдук, өрт өчүрүү, медициналык тез жардам кызматынын унаалары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, Улуттук банктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары бошотулат. Ошондой эле жыйымды өз убагында төлөбөгөндөр жоопкерчиликке тартылат.

Последние новости