www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-сот Клара Сооронкулова фейсбукта Жогорку Кеңештеги Акыйкатчыны шайлоодогу саясий оюндар тууралуу пикирин айткан. “Атамбаевдик чөйрө тактикасын өзгөрттү. Азгырылбагыла. Эми аларга жарандык коомдун колдоосу керек болуп калыптыр. Алар өздөрүн эң куу деп эсептешет”, - дейт Клара Сооронкулова. Анын бул айткандарын толугураак чечмелеп берүүсүн сурап өзүнө кайрылдык.
- Сиз Атамбаевдин чөйрөсү тактикасын өзгөрткөнүн, алар жарандык коомду өзүнө тартуу аракетин көрүп жатканын айттыңыз. Сизди мындай пикирге кандай жагдайлар түртүүдө?
- КСДП фракциясынын айрым депутаттары чыгып, Рита Карасартованы колдоп, ага добуш берүүгө чакырбадыбы. Ошолордун мезгилинде эле, мурунку жолкуда Р.Карасартова Акыйкатчылыкка талапкерлигин коюп, өтпөй калган. Анда бирөөсү да үн каткан эмес, добуш да беришкен эмес. Бергенде дагы каршы добуш беришкен. Бул жолу Р.Карасартованы колдоп жатышканы таң калтырат. Бул нерсе негизи түшүнүктүү, анткени булар өздөрү жарандык коомдун колдоосуна муктаж болуп турат. Ансыз деле айрымдар тартылып, жардам берип жатышат, Нурбек Токтакунов деген укук коргоочу жардам берип жүрөт. Азыр Атамбаевге, КСДПга жарандык коомдун колдоосу керек болуп турат. Муну оюн десек болот, жарандык коомду ойноткусу келишет.
- Атамбаев айрым саясатчыларды, журналисттерди өзүнө тартып, иштешип жатканы маалым. Жарандык коомдун өкүлдөрүн да ушинтип чакырып, сүйлөшүп жаткан фактылар барбы?
- Жок, чакырып сүйлөштү деген фактыларды мен уккан жокмун. Болгон күндө деле, ал айтылбайт болуш керек. Атамбаевдин өзүнүн технологиялары бар, алар саясий технологиялар жагынан кыйын, алты жылда жалаң саясий технологиялар менен жүрүп такшалып бүтүштү. Ал эми азыркы учурдагы жарандык коомду колдоп чыкканы (Акыйкатчы шайлоодогу) сүйлөшүлүп алынган саясий технология болуп жатат. Акыйкатчынын талапкерлиги боюнча фракциянын ичинде эле бөлүнүп-жарылып жатканы билинип калды. Атамбаевден качып Жээнбековду колдогондор башынан эле Токон Мамытовду сүйрөп, талапкерлигин көрсөтүп, ич ара сүйлөшүп аракетин кылышты. Ал эми мурунку шефин (Атамбаевди) колдогондор өздөрүнчө жүрөт, алар наркыларына каршы чыгып жаткандыктан, Токон Мамытовго каршы болушууда. Алар Рита Карасартованын өтпөстүгүн билип эле турушат, бирок жарандык коомду өздөрүнө тартуу үчүн аны колдомуш этип жатышат. Алар парламенттин ичиндеги оюндарды билишет, ошон үчүн Т.Мамытовду сүйрөгөндөргө каршы чыгып жатышат. Бул жерде жарандык коомго жагынуу аракети көрүнүп турат.
P.S. Эске салсак, КСДП фракциясы Акыйкатчынын кызмат ордуна экс-чекист Токон Мамытовдун талапкерлигин алып чыккан. Бирок, парламенттеги шайлоодо фракциянын депутаттары Ирина Карамушкина менен Рыскелди Момбековдор башка талапкер, жарандык коомдун активдүү өкүлү Рита Карасартованы колдоого чакырды. Алардын мындай кадамы коомдо таң калууну жараткан. Ортодо ойногон башка депутаттарга караганда, Ирина Карамушкина менен Рыскелди Момбековдор экс-президент А.Атамбаевдин ачык тарапташтары экендиги белгилүү.
Булак: NazarNews.kg