www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана анын жакын санаалашы Рита Карасартова алдыдагы парламенттик шайлоону талкуулашып, анда жетиштүү электораты бар көпчүлүк саясий ишмерлер “Ата-Мекен” саясий партиясына анын курамында шайлоого катышуу үчүн кирүүдөн баш тартып жатканы, буга байланыштуу Клара Сооронкулова Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшкөнүн жана шайлоого катышуудан баш тартууну сунуштаганын билдиргени маалым болду.

Эмне себептен Батыштын саясатын үгүттөгөн бул партиялардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп жатат?

Жаш Өмүрбек Текебаев бийлик тарапка оппозициямын дегени менен президент Аскар Акаевге өзүн «мураскор» катары сезип жүргөн. Бирок, кийинки президент Курманбек Бакиев болуп калгандан улам, президенттикти көздөп, спикерлик чоң кызматка кол шилтейт. 4-5 жылга созулган таймашта Батыштын эмес орусчул катары Орусиянын жардамы менен бийликти алууга жетишет, бирок мант берип тезинен Батыш таңуулаган Башмыйзамды элге таңуулайт.

Ушул Башмыйзамдын негизинде анын кайрадан спикер болом деген оюу теңирден тескери кетип, Башмыйзам боюнча президенттикти алган шериктеши Атамбаев түрмөгө каматып,Текебаевди курмандыкка чалат. Арийне, «жакшылыкка жамандык» кылып, ага жакшылык кылып камактан бошоткон Сооронбай Жээнбековго башаламандык уюштурган. Бул менен жөн калбай эмки бийликти да күм-жам кылгысы келиш үчүн элчилик кызматтан баш тартып парламентке аттанды.

Ошондуктан, анын мындай саясаты көпчүлүккө жакпайт. Ал эмес «Реформа» партиясы менен батышчыл катары күрөшкө аттангандар үчүн да Текебаевге кошулуу кандайдыр бир ыпластыкка кошулган менен барабар. Батыштын идеясы менен жүргөн «Реформа» партиясынын көпчүлүк саясий ишмерлеринин Клара Сооронкулова бириккиси келген «Ата-Мекен» партиясы биригүүнү каалабаган негизги себеби ушул.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости