www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин башчысынын орун басары Гүлшат Асылбаева айткандай, комитет Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды жана регламентке ылайык жабык электрондук добуш берүүнү сунуштады.

Жалпы 95 депутат катталып, 76 депутат «макул», 5 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Мыйзамдар ылайык, Улуттук банктын төрагасы 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

Улуттук банктын мурунку төарагасы Толкунбек Абдыгулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости