www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Клара Сооронкулова: “Садыр Жапаров мени кызматка чакырбайт”

Президенттик кызматына талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган Клара Сооронкулова “Садыр Жапаров мени кызматка чакырбайт. Мен дагы барбайм” дейт. Бул туурадуу ал “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Садыр Жапаров мени кызматка чакырбайт. Мен дагы барбайм. 10-январдагы шайлоо жараянындагы маселелерди укуктук негизде талашып, сотко кайрылам. Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көп мыйзам бузулду. Көп нерселерге Борбордук шайлоо комиссиясы көз жуумуп койду. Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ушул маселелерди көтөрө беребиз. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда сотко кайрылабыз, жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз. Ошондон кийин мен баарын ачык айтам”,-дейт Сооронкулова.

Кошумчалай кетсек, 10-январда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 кишинин арасында Клара Сооронкулова жалгыз аял талапкер болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы расмий маалыматына караганда, ал шайлоочулардын 1% добушун алып, жетинчи орунду ээледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости