www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максаты, программасы окшош болгон үч күч бириктик. Мындай маалыматты бүгүн Реформа партиясынын лидери Клара Сооронкулова журналисттер менен болгон жыйында билдирди.
"Биздин максатыбыз жана программаларыбыз окшош. Эми биз биригүүбүздү Бишкек шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоодо сынап көрөлү деп жатабыз. Келечекте ынтымактуу күч болуп кетсек парламенттик шайлоого да катышышыбыз мүмкүн. Бирок аны келечек көрсөтөт. Бул эми биздин биринчи кадамыбыз болууда. Эң негизгиси биз идея менен биригип жатабыз. Ошондуктан бизде мамилебизде адилетттүүлүк, тең укуктуулук сакталса анда биздин биригүүбүздун келечеги бар", - деди Сооронкулова.
Эске салсак, бүгүн 18-февралда Асман-Ала-Тоо, Адилеттүү Кыргызстан партиялары Реформа партиясынын алдына биригишип, келишимге кол коюшкан.
Булак: NazarNews.kg