www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан убакта мунапыс менен абактан бошотулгандардын тизмеси ачык жарыяланышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда президенттикке талапкер Клара Сооронкулова маалымат жыйында айтты.
“268 адамга өтө кыска мөөнөттө мунапыс берилди. Мыйзамда белгиленген процедуралар боюнча бул такыр мүмкүн эмес. Коомчулук кимге мунапыс берилип жатканын билиши керек. Балким арасында зордуктагандар, адам өлтүргөндөр бар болуп чыгат?!” — деди Сооронкулова.
Булак: NazarNews.kg