www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Классташтардын жолугушууларын өткөрүүгө каршы чыккан имам Бахтыяр Шараповго Бишкек шаарынын казысы эскертүү берди. Бул тууралуу казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

18-апрелде YouTube порталында классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу тараган. Аны Бишкектин Киркомстром конушундагы "Хайл-Хижра" мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов сүйлөгөнүн интернет сайттар жазышкан. Муну казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов да бышыктады:

- Ауидо жазуу интернетке чыгары менен Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажидов имамга телефон чалып, мындай чакырыктарды жасоо туура эместигин катуу эскертти. Имам экинчи кайталабоого убада берди.

Казыят өкүлү имамдын сөздөрү анын жеке пикири экенин, башкалардын көз карашын чагылдырбай турганын кошумчалады.

Бахтыяр Шарапов “Азаттыкка” комментарий берип, муну эки апта мурун мечитте сүйлөгөнүн айтты:

- Ибадатка келгендердин бири ушул темада суроо узаткандыктан, жопо иретинде айттым эле. Чакырык кылуу ниетим жок эле. Ар бир адам адашат эмеспи. Казыяттан эскертүү беришти. Туура кабыл алдым.

Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүп кеткен классташтардын 10-20 жылдык жолугушуулары өтөт. Коомчулукта мындай жыйындар достордун сагынычвн тараткан кезигишүүсү катары да, ашыкча чыгым деп да сыпатталып жүрөт.

Конституциянын 25-беренесинде “ ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу” деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости