www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн түбүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалап жатышкандарына 4 айдын жүзү болду. Учурда бул иш дагы да болсо уланып, 12-марттан бери жалпы 7150 килограмм таштанды, 96 миң метр синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалым болгондой, Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөтүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар учурдагы сезондо көлдүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышат.
Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазало иши президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде масштабдуу түрдө башталган.
Учурда ага ылайык бир катар министрликтерден турган жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.