www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында йоганын эл аралык күнүндө 300 адам йога менен машыкты. Шаардык мэрия иш-чара "Алай" футболдук клубунун машыгуу талаасында өткөнүн билдирди.
Спорттук саамалыкка шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттер, активдүү жарандар жана башка жаштар катышкан.
Йога менен машыгуудан тышкары, бул иш-чара шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын бий топтору жана артисттери, Индиядан келип билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан даярдалган маданий программа менен коштолгон.
Булак: NazarNews.kg