www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлгө чөккөн 4 жашар кыз дагы деле табыла элек

Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта издөө иштерине ӨКМден жалпы 18 куткаруучу тартылган. Издөө саат 18:00дө токтотулду. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 3-август күнү иштер улантылат.

Эскерте кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости