www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кудрет Тайчабаровду депортациялады

Орусия учурда «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровду депортациялады. Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«2-июнда Питер шаарында боло турган лекарственная безопасность КВЦ «Экспофорум» эл аралык форумуна Кыргызстандын атынан учуп барган Кудрет Тайчабаров Шереметьево аэропортунан 1-июнда артка депортация болгон. Элестеткиле, эркин экономикалык аймакка бизнес тармактан жетекчисинин репутациясы күмөн жаратып жатса каяктагы өсүш, өнүгүү…

Ооба, азыр кыйратып салгансып бул суроого саясатташтырып жооп бериши мүмкүн… Бирок сенин саясий жообуң бир тыйынча, депорт болуп келген соң акырыын кызматыңды тапшырып, кете бербейт белең…

Достор, 2023-жылдын 9-апрелине чейин Кудретке РФ жабык, силер кызматыңды тапшырып, кайра бар, такси кыл дегенден башка сунуш бергиле эми… Анан ошол учурдагы командировочный, «суточный расход» акчаларын текшериш керек…

Кыйраткансып форумга катышкан адамдай эле элдин акчасынан төлөнө турган каражаттын баарын алып алса керек, биз деген бюджет кодексинен тышкары, анан өзүнчө уюмбуз деп тайраңдаба, жеке фирмаң эмес - мамлекеттики!», - деп белгилеген Атай Бейшенбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости