www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн алдын ала себебин атады.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, көп кабаттуу үйдүн 14-кабатындагы өрт курулуш материалдарынын кароосуз калганынан улам келип чыккан», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалым болгондой, өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 30дан ашык өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Эске салсак, кечээ, 2-августта Бишкектин Манас проспектиси жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости