www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.
Эске салсак, 30-июлда жаандан кийинки селден улам үч облусту бириктирүүчү Боом капчыгайында Бишкек - Нарын - Торугарт жолу жабылып, эртеси толук калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта болжол менен сел менен кошо 20-22 миң куб кум-шагыл түшкөнүн кабарлаган.
29-июлда Каракол капчыгайынын эки тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган. Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды сел каптаган.
Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган.
Булак: NazarNews.kg