www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-августта саат 15.20лар чамасында Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон. Опел-Зафира унаасынын 21 жаштагы айдоочусу, Кара-Балта шаарынын тургуну рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада 1982 жана 1966-жылы туулган жүргүнчүлөр жеринде каза болушкан.

Ал эми, айдоочу жана 21 жаштагы жүргүнчү жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости