www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевге арка-бел болгондор учурдагы бийликке агылып келатат. Мындай өзгөрүлмө адамдарды хамалеондор деп атаса болот. Деги азыр хамалеондор барбы?
Адылбек КАСЫМАЛИЕВ
Таш ыргытсаң эле учуп барып бийлик тарапта көлдүктөргө тийчү болду. Адылбек Касымалиев, Жаныбеков Аскар, Жээнбек Кулубаев, Иманов Талантбек, Бекболотов Бактыбек булар министрлер эле. Эми министр эместер канча? Адылбек Касымалиев Атамбаевдин “сүймөнчүгү” катары каржысын каржалтпай колуна тутуп келаткан. Атамбаев чет мамлекетке канча акча карыз болду, Адылбек Касымалиевдин абдан чоң тиешеси бар, анын эмгек жолу 2010-жылы апрелден баштап “көктөй” баштайт. Атамбаев аны мурдунан сүйрөп келип өкмөттүн алдындагы мамлекеттик салык инспекциясын тейлегенге алып келет. Мунун кайсаганы жакты окшойт Атамбаев аны колунан чыгарбай Экономика министрин тейлетип, чынжыр менен бекем таңып алган.Ошентип 2015-жылы финансы министирине алып келгени менен 2018-жэылы Сооронбай Жээнбеков жок кылган. Адылбек Касымалиевдин арааны Жапаров бийликке келгени кайрадан ачылды, учурда министрлер кабинетинин экиден бири болуп Акылбек Жапаровду челип салам деп колун ушалап турат.
Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 1400дөн ашык шаар ичиндеги объектилерди буздурганын, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени кийин тастыкталса керек. Чекесинен талкалаганы уланууда, а кайра заманбап имараттар, көрктөндүрүүчү жайлар архитектуралык талаптардын негизинде, жогорку деңгээлдеги дизайн менен жасалабы? Бул жагы күмөн жаратууда. Башкасын айтпасак да, Бишкек шаарына көрк бердире турган саясый, маданий-эстетикалык гезит саткан күркөлөрдү жетиштүү койдура албай, убаданын убарасында гана келатат. Дагы канча убакыт керек?
Эң жөнөкөй, арзан баада коюла турган күркөлөрдү орнотуп бербесе, анда орточоң имараттарды кантип тургузат? Мэриянын карамагына алынган, орду бошогон жерлерге кимдер ээлик кылат? Кандай жолдор менен берилет? Кол ийрисине тартып, коррупциялык элементтер ойноп кетпейби? Убакыт көрсөтөт, аз калды.
Бакыт ТӨРӨБАЕВ
2007-жылы «Ак Жол» партиясы парламентте 71 мандат менен келет. Үчүнчү парламенттин депутаты Камчыбек Ташиевди бир добуш менен Өзгөчө кырдаалдар министри кылып бекитет. 2009-жылы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Ташиевди жалаа аркылуу кызматынан четтетет. Ташиев эшикти тарс жаап чыгып кетет. Анын ордуна көп жылдары паарламентке депутат болуп келген Эргеш Төрөбаевдин «Ак Жол» партиясы менен парламентке келген уулу Бакыт Төрөбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындашат. Бакыт Төрөбаев министр катары өзүн-өзү көрсөтө алган жок, балким бийлик алмашып Убактылуу Өкмөт бийликке келип анын Бабановдун «Республика» партиясына баш калкалаганы себеп болгондур. Бакыт Төрөбаев 2010-жылы Бабановдун «Республика» партиясы менен парламентке келет. Ошондуктанбы, 2017-жылы ал президентке талапкер Бабановго өзүн-өзү өкмөт башчысы кылып дайындап алган. Бабанов жеңилип качып кеткен соң башын жерге салып Атамбаевдин алдына барып кечирим сураганын элдин бары көрүп турду. Өсө турган бала болгон соң Атамбаевден кечирим сурабай эле, унчукпай койсо болот эле да. Ушул жерден «кыйшык» басып алды.
Талантбек ИМАНОВ
Иманын акчага арнаган көлдүк Иманов мамлекеттик кызматта иштебей туруп министрге келген. Өзүнүн эмгек жолу Ширшовдун «шопурунан», өзүнүн мурунку боссу Ширшовду көкөлөткөндөн башка иш деле келген. Жок. Бирок кыргыз коомчулугу Ширшовдун коррупциялык схемаларын аныктап, анын кармалышын талап кылган. Учурда Ширшов камакта иштери аныкталып жатат: Менин ордумдагылардыкы бир буту тамакта, бир буту камакта...- дейт сан министрине келген "Түшкө чейин Иман, түштөн кийин Иван" Иманов.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg