www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тайвандын жанында аскердик машыгуу өткөрөт

Кытай армиясы Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү Global Times гезити жазды.

Белгилей кетсек, 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды.

“Тайвань аралын курчап турган алты аймакта маанилүү аскердик машыгуулар өтөт. Анын алкагында аскерлер атышуу боюнча чеберчилигин жогорулатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, аскердик иш-чара 4-7-августка белгиленген.

Эске салсак, Пелоси Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Андан кийин маалымат каражаттары чиновниктин Тайванга баруу ниети тууралуу массалык түрдө жаза башташты. Ал өзү коопсуздук талаптарына таянып бул маалыматты тастыктабай келген. Ал арада расмий Пекин Пелосинин аралга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости