www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай эч кандай шартта өзөктүк куралды биринчилерден болуп колдонбойт, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин курал-жарактарды көзөмөлдөө департаментинин директору Фу Цун. Бул тууралуу «КоммерсантЪ» жазды.

Ал КЭР өзөктүк чөйрөдө өзүн-өзү коргоо стратегиясын карманып, өзөктүк жаңжалды баштоого кызыкдар эмес экенин баса белгиледи.

«Кытай тынчтык өнүгүү жолуна жана өзүн-өзү коргоонун өзөктүк стратегиясына умтулат жана эч качан өзөктүк куралды биринчилерден болуп колдонбоого милдеттенет», - деди Фу Цун.

Кытай дипломаты ошондой эле АКШны Европадан бардык өзөктүк куралдарын чыгарып кетүүгө жана аларды башка аймактарда жайгаштыруудан баш тартууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости