www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперттер айыл-чарбасына, токойлорго чоң коркунуч туудурган  бактериялык күйүк сыяктуу зыяндуу организмдер көзөмөлсүз кирип жатканын айтышты. Депутат Динара Ашимова чет мамлекеттен кирип жаткан азык-түлүк продукцияларынын курамында ГМОнун өлчөмү кантип текшерилет деген суроо койду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей,  алар рыноктогу бардык тамак-ашты текшере албайт. Дагы бир себеби чек арада Кыргызстан тараптан фито-санитардык көзөмөлдөө алынган дешет адистер.   Мындан улам депутат импорттук продукцияны тескөө так белгиленген эмес деген жыйынтыкка келди. Аны менен катар өлкө ичинде өндүрүлүп жаткан продукцияларда да проблема бар.  “Мал чарбасында, мөмө-жемиш өндүрүүдө  химиялык заттарды  чен-өлчөмсүз жана көзөмөлсүз  колдонуу менен келечек муундун генофондуна өтө чоң сокку урулуп жатат. Алардын келечегине жоопкерсиздик мамиле кылып жатабыз. Учурунда ойлонбой, Бишкекке да чоң ышты алып келип алдык.  Эми азыр ишти колго алуу керек”,- деди депутат Динара Ашимова.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости