www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мисирде жыйынтыкталган президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Абдел Фаттах ас-Сиси утуп, үчүнчү мөөнөткө шайланды. Өлкөнүн Улуттук шайлоо мекемесинин маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 67% катышып, алардын 89,6% добушун азыркы президентке беришти.

Улуттук карызы көбөйгөн, экономикасы туруктуу эмес, 105 миллиондук калкынын ар бир үчүнчү жараны жакырчылыкта жашаган Мисирди башкаруу оңой болбой турганын, коңшу жайгашкан Газада абал курчуп турганы кырдаалды ого бетер оорлотушу ыктымал экенин белгилеп жатышат.

 

69 жаштагы Абдел Фаттах ас-Сиси 2013-жылкы аскердик төңкөрүштө негизги ролду ойноп, ошол кездеги президент Мухаммед Мурсини кызматтан кетирүүгө салым кошкон. 2014-жылы президент болуп шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости