www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Валерий Залужный иш бөлмөсүнөн тыңшоочу каражат табылганы тууралуу кабарларга байланыштуу маалымат берди. 18-декабрда "РБК-Украина" басылмасына курган маегинде ал техникалык каражат иш бөлмөсүнөн эмес, бүгүн барып иштегени жаткан башка имараттан табылганын айтты: "Менин иштеген орундарым бир нече жерде жайгашкан. Ошолордун биринен табылды. Ал жакка көптөн бери бара элек болчумун. Бирок биз текшерип чыккандан кийин тыңшоочу каражат таптык", - деди Залужный.
Башкы командачы бул окуяны согуштун контекстинде кароо зарыл экенин белгилеп, тыңшоого аракет кылгандар ким экени тууралуу версиясы жоктугун, баары тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болорун айтты жана тыңшагычты Башкы штарбын кызматкерлери койбогонун кошумчалады.
Украинанын жана Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары соңку кезде Залужный менен президент Владимир Зеленскийдин мамилесинде карама-каршылык пайда болгонун жазып жатышат.
Залужный The Economist журналына маек куруп, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узакка созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн четке каккан, бирок Associated Press агенттигине курган маегинде курал жетишсиздигинен улам Украина ойлогондой жыйынтыкка жетпей жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Киев ишенимдүү согушуп жатканын, эч убакта багынбастыгын белгилеген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg