www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки-Нарын көпүрөсүнүн кооптуулугу боюнча буга чейин эскертүү берилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Нарын дарыясынан Эки-Нарын айылына өтүүчү көпүрөгө изилдөө жүргүзүшкөн.

Натыйжада жыгач көпүрө адам өмүрүнө, унаалардын өтүүсүнө кооптуулук жарата тургандыгы аныкталып, 2024-жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу менен корутунду жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган көпүрөдө КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондон бери издөө тынымсыз жүрүп жатат.

Бүгүн, 14-августта издөө иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 39 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 90 адам тартылды.

Последние новости