www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-августта Ысык-Көл облусунда VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн миңден ашуун катышуучу чогулду.

Форумдун программасына ЕАЭБдеги санариптик эгемендүүлүк жана технологиялык кызматташтык темасындагы пленардык жыйын, ошондой эле Петербург эл аралык экономикалык форумунун «Өнөктөштүк экономикасы: өндүрүштү локалдаштыруудан рынокторду кеңейтүүгө» деген темадагы биринчи көчмө сессиясы кирет.

Санариптик финансылык чечимдер, электрондук соода, логистиканы жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча панелдик сессиялар пландаштырылган. Туризмди санариптештирүүгө, Борбор Азиянын бирдиктүү туристтик мейкиндигин түзүүгө, тоо лыжа жана экологиялык курортторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Форумдун алкагында КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин тегерек столу, В2В-сессиясы жана өнөр жай, айыл чарба, транспорт, санариптик, медициналык жана туристтик кызматташтыкка арналган 50дөн ашык стенддер менен көргөзмө өтөт. Жыйынтыгында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Последние новости