www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов районунда ЖЭБдин (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кеткен жарандарды издөө ишин жүргүзүүгө бүгүн, 31-декабрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министринен жалпы 90 куткаруучу, ИИМден 30 кызматкер, Бишкек шаардык мэриясынан 30 кызматкер, жалпы 150 адам тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов издөө иштерин координациялап жатат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми калган эки адамдын (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т.) сөөгүн издөө күчөтүлдү.

Кошумча маалымат берилет.

Последние новости