www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын МККЬнын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралардын биринин жүрүшүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. 

Текшерүү учурунда айдоочу шектүү жүрүм-турум көрсөтүп, буга байланыштуу кызматкерлер аны медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн наркологиялык мекемеге жеткирүүгө мажбур болушкан.

Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу унаа башкаруу учурунда бир убакта алкоголдук жана баңги заттык мас абалында болгону аныкталган, башкача айтканда, толук мас абалда болгон. Андан кийин айдоочу кызматкерлер аны көрө албастыктан улам токтотушканын билдирген.

Айдоочуга карата транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн тиешелүү протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.

Бишкек шаарынын МККБсы кызматкерлери бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат жана мас абалындагы айдоочу айлана-тегерегиндеги адамдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн олуттуу коркунуч экенин эске салат.

Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы

Последние новости