www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ көчкү жүрүшү мүмкүн болгон жолдордун тизмесин жарыялады

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ӨКМдин маалымат кызматы кар көчүү коркунучу бар аймактарды атады.

Кар көчүү мүмкүн деген аймактар:

Төө-Ашуу. Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында;

Ала-Бел ашуусу. Бишкек — Ош жолунун 198-255-чакырымында;

Өтмөк ашуусу. Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымында;

Чапчыма ашуусу. Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунда;

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымында;

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында;

Талдык ашуусу. Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 160-179-чакырымында;

Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 136-137-чакырымында;

Батман-Көл айылында;

Кара-Тейит айылында;

Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 292-305-чакырымында;

Ийри-Суу тилкеси. Казарман — Актал-Чат жолунун 42-44-чакырымында;

Кара-Көө ашуусу. Казарман — Актал-Чат жолунун 60-94-чакырымында;

Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымында;

Сөөк ашуусу. Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында.

ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жол тайгак болуп, муз тоңоорун эскертип, автоунаалардын ортосундагы 500 метрден кем эмес аралык сактоо керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости