www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мелитополдо орусиялык аскерлер Израилдин жараны Татьяна Кумокту уурдап кеткен. Бул тууралуу анын курбусу Тали Telegram каналына пост жазгандан кийин белгилүү болду. Кыздын айтымында, алгач орус аскерлери Татьяна Кумоктун ата-энесин, андан кийин өзүн да алып кеткен.
Чынында эле, бүгүн Мелитополь медиа холдингинин «MV» журналисттерин уурдалып кеткени белгилүү болду. Украинанын журналисттеринин улуттук союзу орусиялык аскерлер басып чыгаруучу Михаил Кумокту, редактор Евгения Борянды жана журналисттер Юлия Ольховская менен Любовь Чайканы белгисиз тарапка алып кеткен деп билдирди.
Айта кетсек, эртең менен Татьяна Кумок атасынын уурдалышы боюнча өзү маалымат берип, «Бардык зарыл чаралар көрүлдү. Мен аман-эсенмин» деп жазган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg