www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Араван районундагы бир катар объектилерди кыдырып, Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Чертик жана Арап айылдарынан өткөн Араван-Сай дарыясынын сол жээгиндеги иштерди көрүп чыкты. Бул тилкенин 2,7 чакырымга жакын аралыгы кооптуу аймак катары эсептелет.

Маалыматка ылайык, Араван-Сай дарыясынын узундугу 48 чакырымды түзөт. Ал 7 миң 630 гектарга жакын эгин жана үлүш жерлерин сугат суу менен камсыздайт.

Дарыянын суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 150 куб метрге чейин жетип, анын жээктеринде 1460ка жакын кожолук жайгашкан.

Акыркы жылдары сел сууларынын таасиринен дарыянын сол жээгиндеги коргоочу тоо таштар агып, жээк эрозияга учураган. Натыйжада дарыяга жакын жайгашкан 16 гектарга жакын үлүш жерлерге зыян келтирилген.

Жээкти бекемдөө зарылдыгы ӨКМдин тиешелүү корутундусу менен аныкталып, иштер «Авариялык калыбына келтирүү» иш-чараларынын мерчемине киргизилген.

2025-жылы аталган тилкеде 530 метр дамба тоо таштары менен бекемделген. Ал эми 2026-жылдын май айынан тартып дагы 1005 метр аралыкта аска таштар менен жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Канатбек Чыныбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, жээкти бекемдөө иштерин өз убагында жана талапка ылайык бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Иш сапардын алкагында министр Араван районундагы башка бир катар маанилүү жана кооптуу объектилердин абалы менен да таанышты.

Последние новости