www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ министри өздүк курамга тааныштырылды

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп жаңы дайындалган Канатбек Чыныбаевди ӨКМ жамаатына тааныштырды.

Данияр Амангелдиев министр Канатбек Чыныбаевдин бул түзүмүндө тажрыйбасы мол экенин белгилеп, жогорку кызматты татыктуу жана ишенимдүү жетектеп кете аларына ишеним артты. Ал өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу жана алдын алуу жаатында ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылдыгын айтып, ийгиликтерди каалады. 

Өз кезегинде Канатбек Чыныбаев ага ишенип тапшырылган кызматты татыктуу жана жоопкерчиликтүү аткарып, өздүк курам менен биргеликте натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Ошондой эле көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чыныбаев Канатбек Койчубекович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.

Чыныбаев Канатбек Койчубекович 1983-жылы 4-ноябрда туулган.

Билими:

• 2006-жылы – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган;

• 2018-жж. – Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу академиясын аяктаган;

Эмгек жолу:

• 2006-жылдан 2022-жылга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн;

• 2022-жылдын 15-июлунан тартып КР Куралдуу Күчтөрүнүн кадрлардын карамагында калтыруу менен КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунда иш сапарда кызматын улантып келген;

• 2026-жылдын февралынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

Аскердик жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары;

-“Кынтыксыз кызматы үчүн” II даражадагы медалы;

- “Жарандык-аскердик кызматташууну чыңдоо үчүн” медалы;

- “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II даражадагы медалы;

- “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I даражадагы медалы.

 

Последние новости