www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылуучуларды КР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөө үчүн салтанаттуу узатуусу болуп өттү.
Чакырылуучулар КР Чек ара кызматынын бирикмелерине жана аскер бөлүктөрүнө кызмат өтөөгө узашты.
Иш-чарага КР КК ГШ башкы уюштуруучу-мобилизациялык башкармалыгынын, аскер комиссариаттардын өкүлдөрү, КК ардагерлери, ошондой эле чакыруучулардын жакындары жана туугандары катышты.
Ушундай эле жаңы толуктоону узатуу боюнча иш-чаралар Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында өттү.
Жарандарды аскер кызматына чакыруу боюнча жазгы кампаниясы үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин созулат.