www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын текшеришти.

ӨКМ билдиргендей, текшерүү өрттү алдын алуу, адам өмүрүн сактап калуу жана материалдык зыянга учурабаш үчүн уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугу боюнча эреже бузуулар аныкталды, ошондой эле мурда белгиленген айрым кемчиликтер жоюлбаганы маалым болду.

Ушуга байланыштуу мекемеге карата Укук бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык айып пул салынды.

Последние новости