www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Шакиев менен экс-башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Биринчи Май райондук сотуна кымбат баалуу жолтандабастар менен келип, элдин көзүнчө өздөрүн эркин, эч нерседен чочубагандай алып жүрүшү коомчулукта чоң нааразычылык жаратты. Коомчулукта “оор беренелер менен айыпталып жаткан адамдар эмне үчүн мындайча каадалуу, сүрдүү жүрүшөт?” деген суроо күчөдү.
Карапайым жарандар майда-барат иштер үчүн дароо камалып, мыйзамдын катаалдыгын жон терилери менен сезип жатканда, бийликке жакын же таасирдүү адамдардын өздөрүн мыйзамдан жогору сезгендей мамиле кылышы элдин кыжырын кайнатпай койбойт. Сотко жөнөкөй эмес, “мен эч кимден коркпойм” дегендей маанайда келишкенин көргөндөр муну адилеттүүлүккө шек келтирген көрүнүш катары баалашууда.
Социалдык тармактарда бул көрүнүш катуу талкууга түшүп, “мыйзам байга башка, кедейге башка иштейби?” деген сын пикирлер көбөйдү. Коом азыр соттун чечимине эмес, сот адилеттигинин өзүнө сын көз менен карап турат. Ошондуктан бул иш боюнча чыгарыла турчу чечим, элдин ишенимин же таптакыр үмүтүн өчүрө турган чечүүчү учур боло турганынан шек санабай койсок болот.