www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды

Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу спортчу Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышып, сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, бир спортчу дайынсыз болгону кабарланган.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости