www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ жоокерин сабады деген аскер кызматкери камакка алынды

ӨКМдин жоокерин сабады деген Ж. уулу Т. аттуу аскер кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов ӨКМдин катардагы жоокери ооруканага түшкөнүн, табарсыгы жарылып, операция болгонун билдирген.

Жоокер туугандарына "аскер бөлүктүн келишим менен кызмат кылган прапорщиги табарсыкка тээп жиберди", - деп айткан.

Аталган факты Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

"7-июнда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына катардагы жоокер Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылып, №86123 аскер бөлүгүнүн келишимдик негиздеги аскер кызматкери, Ж. уулу Т. аттуу прапорщикке карата чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексининин 338-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, прапорщик Ж. уулу Т. камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын жагдайын териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости