www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мадумаров контрабандисттерди колдоп жүрөт деген сөздү Баш прокуратура иликтеш керек», - деди бүгүн, 7-июнда, NazarNews маалымат агенттигине мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов.

- Токон Болотбекович, эл арасында тажиктерди Кыргызстанга каршы тукургандар Борбор Азияда чуу чыгаргысы келип жатат деген маалымат желдей тарай баштады? Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Тажикстанды Кыргызстанга тукурган күчтөр бар деп массалык маалымат каражаттарында жана интернет булактарында айтылып жүрөт. Бирок конкреттүү бир дагы далил келтирилген эмес. Текшерилиш керек. Такталмайынча бул курулай сөз болуп калат.

- Айтмакчы, УКМКнын башчысы Мадумаров контрабандисттерди колдоп жүрөт дегендей ой айтты. Бул маалыматка ишенсек болобу?

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаров контрабандисттерди колдоп жүрөт деген сөз парламентте ачык айтылып калды. Демек, бул маалымат чындыкка жатабы же жокпу, муну Баш прокуратура иликтеш керек. Иликтөөнүн жыйынтыгы парламентте жана коомчулукта чын же калп деп айтылышы керек.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча пикирин айтып, Мадумаровду "мамлекетчил эмес" деп айткан.

Эске салсак, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптаган. Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырып, парламенттин жыйынында Ташиев менен кайым айтышып, чырдаша кеткен. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырган. 

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости