www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ прапорщиги жоокерди сабап салган

Беловодское айылында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө ӨКМнын прапорщиги жоокерди сабап салган. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары Instagram социалдык тармагына жазып чыгышты.

Бекзат Эсенбеков 2021-жылдын ноябрь айынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызмат өтөп келген. Туугандарынын айтымында, аны 31-майдан 1-июнга караган түнү прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу ур-токмокко алган.

«Ал түнү бою өзгөчө мыкаачылык менен сабап, уктатпай койгон. Бекзат Эсенбеков жакындарынан телефонуна бирдик салууну тынымсыз суранып, сегиз айда 35 миң сом беришкен. Бул акчаны прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу мобилдик тиркемелер аркылуу накталай алган. Прапорщик анын номерине туугандарынын жана тааныштарынын бири 500 сом салып берүүнү талап кылган. Түнкүсүн жакындарына, досторуна тоскоол боло албагандыктан, Бекзат прапорщиктин ур-токмогуна чыдаган. 1-июнь күнү Бекзат чалып, ооруп калганын, санитардык бөлүмгө которулганын айтты. Чынында Бекзаттын табарсыгы жарылып, буту шишип кеткен. Ал ооруп калганда ооруканага алып барыш керек болчу, бирок Беловодское айылындагы оорукана аны кабыл алган жок. 4-июнда Бекзат Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Ага операция жасалды», - деп жазышты туугандары.

Последние новости