www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүгүндө сабалган жоокердин иши министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, бул иш 1-июнда кечки текшерүүнүн алдында денеге кароо жүргүзүүдө аныкталган.

"Азыркы учурда жоокерге операция жасалган. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп баалашууда. Министрлик тарабынан бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп, дары-дармек жана каражат менен камсыздалууда", - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чогулган бардык материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, аскерге күч колдонуп, ур-тепкиге алган прапорщикти камакка алуу чечими чыгарылды. Мындан аркы иликтөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Шамырканов бул иш боюнча 6 аскер кызматкери кызматтан четтетилгенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынганын анын жакындары социалдык тармактарга жазган. Ал эми Башкы прокуратура ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости