www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.
Мамлекет башчы 30 жыл мурда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоп келсе, бүгүнкү күндө импортоп келерин маалымдады.
"Камбар-Ата-2 ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Мына ошондуктан электр кубаттуулугун көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электр энергиясын импорттогон биз үчүн уят иш", - дейт Жапаров.
Өлкө башчы кошумчалагандай, буга чейин чакан жана ири ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан ишке ашпай келген.
"Камбар-Ата ГЭС-1 куруу" долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
Булак: NazarNews.kg