www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык маалымат каражаттар рейтингин көтөрүү, талкуу жаратуу үчүн бирөөнүн кайгы-капасын чагылдырууда этият болушса. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой эки күн мурун Ала-Тоо аквапаркында  абдан бир кайгылуу окуя болуп, 10 жаштагы бала сууга чөгүп каза тапты. Коомчулукта бул абдан бир тынчызданууну жаратты. Ошондуктан тиешелүү мамлекеттик органдар, шаар бийлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүндөй республика боюнча жайкы эс алуу учурунда ушундай кырсыктар кайталанбаш үчүн бардык эс алуу жайларын тегиз көзөмөлгө алуу абзел. Менчигинин түрүнө карабай көзөмөлдү күчөтүү керек. Мындай кырсык дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бул маселеге кайдыгер карабашыбыз керек.

Андан сырткары массалык маалымат каражаттарына кайрылат элем. Ушуга окшогон кырсыктарды, бирөөнүн кайгы капасын рейтинг үчүн, талкуу жаратуу үчүн чыгара беришкени туура эмес. Жогорудагыдай окуяларды чагылдырууда ММКлар этият болсун дейт элем", - деп билдирди депутат Шакиев.

Булак: Азия News гезити

Последние новости