www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.
"Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВт "Датка — Кемин" аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча аз чыгымга учурайт. Республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет. CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат", — деп айтылат билдирүүдө.
"Камбар-Ата ГЭС-1 куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
Булак: NazarNews.kg