www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым белгилүү адамдар тарабынан Түмөнбай Колдошев менен Гүлзинат Суранчиева маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басарлыгына көрсөтүлүп жатканын эшиттик. Экөөнүн бирөө өтүп кетиши мүмкүнбү? Жо-ок, татыксыздар!
Себеби, билимдери, тажрыйбалары жетишсиз. Жеңил-желпи ырларды созолонтуп коюшса эле министрдин орун басарлыгына көрсөтүлө беришеби? Ансыз да маданиятты тереңден түшүнбөгөн Салтанат Аманова бул тармакты артка тартып, кыйла убакыттан бери орун басарлыкты минип отурат.
Убагында күчтүү “крышасы” аркылуу келип алып, эми анын айласын таба алышпай... Кыскасы, кадрлардын профессионалдык деңгээлине качан көңүл бурулат? Бул жааттан кыраакылык менен кадам ташталбаса, жарга такалып баратышканы ажеп эмес.
Булак: Азия News гезити