www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туткунга түшкөн украиналык аскердин видеосу

Луганск Эл Республикасынын жоокерлерине колго түшкөн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскери мобилизация болгондон кийин командачылык менен эч кандай байланыш болбогонун айтып берди. Бул туурасында RT Телеграм каналында жазды.

"Эч кандай машыктыруу болгон эмес, чакырылгандар аскерде кызмат өтөбөптүр. Алышты да отко таштап салышты", — деген ал.

Ал азыркы кадамына өкүнбөй турганын айткан.

"Бизди окоп каздырышты, кийин тамак-аш алып келели деп барып, аткылоого кабылдык. Андан соң ЛЭР аскерлерине багынып берүүнү туура таптык. Бул кадамыма өкүнбөйм: өлбөй аман калдык", — деген ал.

Белгилей кетсек, кечээ Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу селектордук кеңешмеде украиналык 6 489 аскер туткунга түшкөнүн айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости