www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шойгу канча украин аскери туткунга алынганын айтты

Украинада согуш башталгандан бери Орусия 6400дөн ашуун украин аскерин туткунга алды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу селектордук кеңешмеде билдирди.

«Беш күн ичинде 126 украин аскери багынып берди. Алардын жалпы саны 6 миң 489», - деди ал.

Шойгу Орусиядан Крымга Украина аркылуу жол байланышы түзүлгөнүн кошумчалады. Кошумчалай кетсек, Түндүк Дондун сол жээгинде Донецк менен Лугансктын басымдуу бөлүгү, анын ичинде Лиман жана Святогорск, ошондой эле башка 15 конуш ээлеген.

«Орусия, Донбасс, Украина жана Крымдын ортосундагы алты темир жол тилкесинде кыймылды толук калыбына келтирүү үчүн шарттар түзүлдү», - деп кошумчалады министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости