www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда “Кыргызстандын жаш таланттары” долбоорунун катышуучулары менен жолугушууда билдирди.

Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 253 мектеп кооптуу абалда экенин айтып, үч жыл аралыгында алар жаңыланып, окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айтты.

Эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелген мектептер маселеси Кыргызстанда көптөн бери айтылып келе жатат. Өткөн айда Чаткалда орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон. Алар баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 250гө жакыны авариялык абалда. Бул ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости